Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ТАЛАП КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Талап айылдык кеңешинин № XV сессиясы
2020-жылдын 4-февралы № 1-4
Жаны-Талап айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бекитүу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20 беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүң тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Жаңы-Талап айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын Жаны-Талап айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишим 31 тиркемегеге ылайык бекитилсин жана келишим 2020-жылдын 4-февралынан тартып күчүнө кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын Жаны-Талап айыл өкмөтүнүн аймагында аткаруу милдетине айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ниязакунов Макмутказы бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Жаны-Талап айыл өкмөтүнүн башчсы К.Бейшенкуловго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Жаны-Талап айыл өкмөтүнүн сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрагасы: | А. Бексултанов |