Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык Кеңешинин Х сессиясы
2016-жылдын 8-декабры № 10/1
Жерге-Тал айылынын тургуну И. Итикуловдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Жерге-Тал айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы И. Итикуловдун Жерге-Тал айылында «Жерге-Тал-Нур» өнүгүү жамаатын түзүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап депутаттардын Жерге-Тал айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылында долбоорлор менен иштөө, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдү иш менен камсыз кылуу багытында жамаат түзүлүп, түзүлгөн жамааттын аты «Жерге-Тал-Нур» жамааты деп аталсын
2. «Жерге-Тал-Нур» өнүгүү жамаатынын чогулушунун негизинде жамаатын жетекчилигине И. Итикулов, катчылыгына Назарматова А, казначей Мусаева Н. шайлансын
3. «Жерге-Тал-Нур» өнүгүү жамаатын Юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы жамааттын жетекчисине жана жамаатка тапшырылсын
Төрага | О. Чодонов |