Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
2020-жылдын 28-февралы № 27/1
Жерге-Тал айыл аймагындагы тарыхый эстеликтерди таануу, коргоого алуу, расмий каттоодон өткөрүү жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жерге-Тал айыл аймагында «Калпанын алма багы» 9,6 га жер аянты менен тарыхый мааниге ээ объект деп таанылсын, коргоого алынсын, мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө бюджеттин акча каражаты изделсин;
2. Узакбай паркындагы В.И.Лениндин жана Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына арналып коюлган мемориалдык эстеликтери тарыхый мааниге ээ эстелик катары таанылсын жана коргоого алынсын;
3. Айыл өкмөт башчысына жана айылдык кеңештин жаштар жана социалдык маселелер, маданият, спорт тармагын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына «Калпанын алма багы», Узакбай паркындагы В.И.Лениндин жана Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына арналып коюлган мемориалдык эстеликтерин Кыргыз Республикасынын «Тарыхый, маданий мурастарынын мамлекеттик тизмесине» киргизүү, мамлекеттик каттоодон өткөрүү милдети тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | О. Чодонов |