Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXIII сессиясы
2020-жылдын 24-декабры № 2
“Таш-Көмүр шаарынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун түзүлүшү жөнүндө»
Таш-Көмүр шаарынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун түзүлүшү жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кулдышевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIХ чакырылышынын кезектеги 23 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаарынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун түзүлүшү жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кулдышевдин маалыматы эске алынсын.
2. Шаардык мэриянын 23.12.2020-жылдагы №01-14/2446 катына ылайык, КР Финансы министрлигинен Таш-Көмүр шаарынын бюджетинин 2021-жылга такталган божомолу кеч келгендигине байланышту, “Таш-Көмүр шаарынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун түзүлүшү жөнүндө” маселе бүгүнкү сессиянын күн тартибинен алынып, кийинки сессияга жылд ырылсын.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (М.Кулдышев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |