Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXIII сессиясы
2020-жылдын 24-декабры № 3
«Шаардын жана шаарчалардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы жөнүндө»
Шаардын жана шаарчалардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу күз кышка даярдыктар боюнча шаардык мэриянын штабынын катчысы Д.Садырбековдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 23 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын жана шаарчалардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу күз кышка даярдыктар боюнча шаардык мэриянын штабынын катчысы Д.Садырбековдун маалыматы эске алынсын.
2. Аткарылган иштер менен катар төмөнкүдөй кемчиликтер орун алгандыгы белгиленсин:
Мектептердин отканаларына келген көмүрлөрдү сапатына карап алынбагандыгы;
№4 Т.Сатылганов, №5 В.И.Ленин, №6 Т.Уметалиев, №11 М.Темирбаев атындагы орто мектептеринде жылуулук жетиштүү денгээлде берилбегендиги;
№5 В.И.Ленин атындагы жана №11 М.Темирбаев атындагы орто мектептеринде жылуулук берүү системаларын ондоо боюнча маселе бир нече жолу айтылганына карабай бүгүнкү күнгө чейин чечилбегендиги.
3. Шаардык мэрияга, шаардык билим берүү бөлүмүнө (Н.Жоошбаев), « Жылуулук менен жабдуу» ишканасына (Н.Атабаев), РЭТ ишканасына (М.Молдокулов) милдеттендирилсин.
Мектептердин отканаларына келген көмүрлөрдү сапатына карап комиссия аркылуу кабыл алуу;
№6 Т.Уметалиев атындагы орто мектебинин отказанын тез арада ондоп, ишке киргизүү;
№4 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинин отканасын шаардык билим берүү бөлүмүнүн балансына өткөрүү жана автономдук электрокотелдорун орнотуу боюнча иштерди жүргүзүү;
№5 В.И.Ленин атындагы орто мектебинин жылуулук берүү системаларын ондоп-түзөө, класс-кабинеттериндеги жылыткычтарды (батарея) алмаштыруу;
№11 М.Темирбаев атындагы орто мектебинин класс-кабинеттериндеги жана коридордогу жылыткычтарды (батарея) алмаштыруу, мектептин түштүк батыш тарабындагы окуу корпусунун жылуулук системасын ондоп түзөө;
№13 башталгыч класстар мектебинин (Кудук Сай айылы), «Айданек» балдар бакчасынын (Тендик), Кызыл-Алма кичи районундагы “Жомок» балдар бакчасынын жылуулук берүү системаларын ондоп-түзөө жана автономдук «Тансуу» электрокотелдорун орнотуу;
Бүгүнкү күндө жылуулука болгон төлөмдөрдүн жогору болгондугун эске алып, “Жылуулук менен жабдуу” ишканасы тарабынан жылытылган мектептерге, бала бакчаларга жана ишканаларга автономдук электркотелдорун орнотуу пландарын иштеп чыгуу жана анын финансалык чыгымдарын талдап чыгып, жүзөөгө ашыруу;
Шаардын аймагында жана Шамалды-Сай, Кызыл-Жар шаарчаларында жайгашкан көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилбегендигине байланыштуу кыш мезгилдеринде электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү;
4. Талкуунун жүрүшүндө айтылган кемчиликтер боюнча тиешелүү мекеме ишканалар менен биргеликте тез арада чараларды көрүп, күнүмдүк көзөмөлгө алуу жана кемчиликтердин четтетилиши боюнча аткарылган иштер тууралуу шаардык Ке=ешке жазуу жүзүндө маалымат берүү жагы “күз кышка даярдыктар боюнча” шаардык мэриянын штабына (Д.Садырбеков) милдеттендирилсин
5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
6. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Асанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы |
С.Кудайбердиев |