Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXIII сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 8
««Таш-Көмүр Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери тууралуу «Таш-Көмүр Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Б.Кулдышевдин отчету жөнүндө»
«Таш-Көмүр Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери тууралуу «Таш-Көмүр Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Б.Кулдышевдин отчетун угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIХ чакырылышынын кезектеги 23 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Таш-Көмүр Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери тууралуу «Таш-Көмүр Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Б.Кулдышевдин отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |