Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXIII сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 9
«Муниципалдык менчик департаментинин 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери тууралуу муниципалдык менчик департаментинин директору А.Султановдун отчету жөнүндө»
Шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери тууралуу муниципалдык менчик департаментинин директору А.Султановдун отчетун угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIХ чакырылышынын кезектеги 23 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери тууралуу муниципалдык менчик департаментинин директору А.Султановдун отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |