Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXIII сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 12
“Шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2019-жыл ичинде жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери, жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Т.Конкобаевдин отчету жөнүндө»
Шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2019-жыл ичинде жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери, жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Т.Конкобаевдин отчетун угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIХ чакырылышынын кезектеги 23 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2019-жыл ичинде жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери, жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Т.Конкобаевдин отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |