Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-июлу № 4
Баткен областынын Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын соцалдык экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү жөнүндө
Ноокен райондук мамлекеттик админстрациясынын 2021-жылдын 26-июлдагы №15 протоколун, 26.07.2021-ж. №147-буйругунун, айыл өкмөт башчысынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХI- чакырылышынын V- сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттардын эсебинен Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагына ар тараптуу колдоо катары 50000 (элүү миң) сом акча каражаты каралсын.
2. Акча каражатын таап берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Омурзаков жана ФЭБ башчысы Ж.Акматалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | Т. Оморов |