Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-июлу № 5
Арал айыл өкмөтүнүн кайрадан акционго коюлуучу жерлерге эскертүү берүү жөнүндө
07.05.2021-жылдагы Ноокен районунун прокуратурасынын №11/1-21 сандуу катынын жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын сунушун эске алып Арал айылдык кеңешинин ХХI- чакырылышынын V- сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. 07.05.2021-жылдагы Ноокен районунун прокуратурасынын №11/1-21 сандуу катынын негизинде 21 га кайра бөлүштүрүү фондун жерин, мөнөтү бүткөн жана ижара келишимдери жок кайра бөлүштүрүү фонддун жерлерин акционго кою боюнча 2021-жылдын 1-октябрына чейин комиссия түзүү, келечек планын даярдоо айыл өкмөттүн башчысы Н.Омурзаковго милдеттендирилсин.
2. 07.05.2021-жылдагы Ноокен районунун прокуратурасынын №11/1-21 сандуу катынын негизинде 21 га кайра бөлүштүрүү фондун жерин жана аукционго коюлуучу жерлерге кайрадан эгин экпөө боюнча арендаторлорго 10 күндүн ичинде эскертүү берүү жер боюнча башкы адис А.Ахмеджановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | Т. Оморов |