Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-июлу № 6
Бюджет, экономика жана инвестиция, архитектура, курулуш, транспорт, экология комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнундө
Бюджет, экономика боюнча комиссиянын төрагасы айыл өкмөт башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу жана депуттаттардын сунушун угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХI- чакырылышынын V- сессиясы токтом кылат:
1. Бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы айыл өкмөт болуп шайлангандыгына байланыштуу бюджет, экономика, боюнча комиссияга депутат Шадыканов Мирлан Абдыманапович которулсун.
2. Инвестиция, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга депутат болуп келген Жакыпов Раимжан Кудайбердиевич киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Акматалиевага милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | Т. Оморов |