Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 6-майы № 2
Эсептөө комиссиясынын №1 токтомун бекитүү жөнүндө
Арал айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин ХХI- чакырылышынын I-сессиясы токтом кылат:
1. Арал айылдык кеңешинин төрагасынын жашыруун жабык добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү эсептөө комиссиясынын №1 токтому бекитилсин.
Арал айылдык кеңештин Жыйынынын төрайымы |
Ө. Нурматова |
Арал айылдык кеңешинин ХХ I чакырылышынын кезектеги 1сессиясынын эсептөө комиссиясынын заседаниясынын №1 протоколу
Заседанияга катышкан эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү
1. З.Акматалиева
2. Т. Шамшиева
3. М. Эсеналиева
Күн тартибиндеги маселе:
1.Эсептөө комиссиясынын төрайымы жана катчысын шайлоо жөнүндө.
Угулду: Күн тартибиндеги маселе боюнча депутат З.Акматалиева сөзгө чыгып, эсептөө комиссиясынын төрайымы жана катчы шайлоо керектигин айтты.
М.Эсеналиева сөзгө чыгып, эсептөө комиссиясынын төрайымына З.Акматалиеваны, катчыга Т. Шамшиеваны сунуштады. Чогулуштун катышуучулары бир добуштан колдошту.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап эсептөө комиссиясынын заседаниясы токтом кылат:
1. Эсептөө комиссиянын төрайымы З.Акматалиева шайлансын.
2. Эсептөө комиссиянын катчысы Т. Шамшиева шайлансын.
3. Токтомду бекитип берүү жагы Арал айылдык кеңешинин ХХ чакырылышынын 1-сессиясынын суралсын.
Эсептөө комиссиянын төрагасы З.Акматалиева
Эсептөө комиссиянын катчысы Т.Шамшиева
Эсептөө комиссиянын мүчөлөрү М.Эсеналиева