Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 14-майы № 3
Арал айыл аймагында таза суу маселесин жана жыйналган элдик салымды кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги үчүнчү маселени угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХI чакырылышынын II сессиясы токтом кылат:
1. Арал айыл өкмөтүнүн таза суу боюнча коомдук бирикменин жетекчиси Н.Мамытовдун таза сууга жыйналган элдик салым боюнча айткан маалыматы эске алынсын.
2. Арал айыл аймагында жайгашкан бардык скважиналар эсеби аныкталып инвентаризация жүргүзүлсүн, документтери даярдалып жыйынтыгы менен муниципалдык менчикке кабыл алуу айыл өкмөттүн башчысы Б.Мамадалиевке милдеттендирилсин.
3. Бүгүнкү күндүн талабына жооп бере турган заманбап технологияларды колдонуу менен айылдарды таза суу камсыз кылуунун долбоорун иштеп чыгуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Ичүүчү сууну колдоонуучулардын айылдык коомдук биркмесинин ордуна, айыл өкмөттө муниципалдык ишканасы түзүлсүн.
5. Элден таза сууга топтолгон Н.Мамытовдун банктык жеке эсебинде (счетторундагы) турган акча каражаты келишимдеринин мөөнөтү бүтөрүү менен муниципалдык ишкананын эсебине алынсын жана алынган акча каражаты максаттык багыт боюнча иштетилсин
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, суу ресурстарын өнүктүрүү, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Б.Мамадалиевага жүктөлсүн.
Арал айылдык Кеңештин төрагасы |
Т. Оморов |