Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-февралы № 3
№2176 Жогорку Арал жана №2177 Арал шайлоо участогунун чек араларын бекитүү жана жаңы участка ачуу жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-январындагы №27 кайрылуусун жана этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын токтомун угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХ чакырылышынын кезектеги ХХХI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Арал айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 26- январындагы №27 кайрылуусун жана этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматы эске алынсын.
2. № 2176 Жогорку Арал шайлоо участогунун чек арасына Арал айылынын калк отурукташкан аймагынын көчөлөрү толугу менен бекитилсин.
3. № 2177 Арал шайлоо участогунун чек арасына Интернационал айылынын калк отурукташкан аймагынын көчөлөрү толугу менен бекитилсин.
4. Черемушка, Чертек Таш айылынын калк отурукташкан аймагынын көчөлөрү толугу менен жаңы ачыла турган участкага бекитилсин жана Чертек Сай айылына жаңы шайлоо участогун ачып берүү Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын
5. Жаңы ачыла турган шайлоо участогу өзүнчө шайлоо округу болуп түзүлсүн.
6. Токтомундун аткарылышын көзөмөлдөө этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ө. Нурматовага милдеттендирилсин.
Арал айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Б. Мамадалиева |