Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-февралы № 5
Чертек Сай айылынын тургуну Омурзакова Зууракандын арызын кароо жөнүндө
Чертек Сай айылынын тургуну Омурзакова Зууракандын арызын угуп жана талкуулап Арал айылдык кенешинин ХХ -чакырылышынын ХХХI –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл аймагынын Чертек Сай айылынын тургуну Омурзакова Зууракан катуу ооруп жатканына байланыштуу гемодиализ алууга жергиликтүү бюджеттен 30 000(Отуз миң) сом акча бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын таап берүү Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Мамадалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З. Жумалиевке милдеттендирилсин.
Арал айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Б. Мамадалиева |