Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-февралы № 6
Интернационал айылынын тургуну Мамажанова Инаятхандын арызын кароо жөнүндө
Интернационал айылынын тургуну Мамажанова Инаятхандын арызын угуп жана талкуулап Арал айылдык кенешинин ХХ -чакырылышынын ХХХI –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Интернационал айылынын тургуну Мамажанова Инаятхандын кызы Омурзакова Гулбахардын үйү толук күйүп кеткенине байланыштуу жергиликтүү бюджеттен үйдүн чатырына жеткидей (100) шифер алынып берилсин.
2. Акча каражатын таап берүү Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Мамадалиевке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З. Жумалиевке милдеттендирилсин.
Арал айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Б. Мамадалиева |