Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-февралы № 10
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укутарын өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жыл №715 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ноокен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жана Арал айыл өкмөтү менен түзүлүүчү айрым ыйгарым укутарды өткөрүп берүү келишими боюнча айыл өкмөттүн экономист-статисти Ахмедалиев Икрамжандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХ чакырылышынын кезектеги ХХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ноокен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жана Арал айыл өкмөтү менен түзүлүүчү айрым ыйгарым укутарды өткөрүп берүү келишими боюнча айыл өкмөттүн экономист-статисти Ахмедалиев Икрамжандын билдирүүсү эске алынсын.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жыл №715 токтомуна ылайык, Ноокен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жана Арал айыл өкмөтү менен түзүлүүчү айрым ыйгарым укутарды өткөрүп берүү келишими бекитилсин.
3. Токтомундун аткарылышын көзөмөлдөө этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ө. Нурматовага милдеттендирилсин.
Арал айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Б. Мамадалиева |