Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 7-июлу № 3
Автоунаа токтотуучу жайга деп берилген жер тилкесинин максатуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Шамалды-Сай айылынын тургуну Музуралиев Адилбектин арызынын негизинде жана Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Бекибаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Шамалды-Сай айылынын тургуну А.Музуралиевге 600,0 м.кв автоунаа токтотуучу жайга деп 3-04-03-0006-1050 идентификациялык номери менен берилген жер тилкесинин максаттуу багыты автоунаа жуучу жайга деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Тийиштүү документтерди даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Н.Мадалиев |