Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 7-июлу № 4
Магазин алдындагы жерге деп берилген жер тилкесинин максатуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Шамалды-Сай айылынын тургуну Бекбаева Минавархан Машраповнанын арызынын негизинде жана Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Бекибаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Шамалды-Сай айылынын тургуну М.Бекбаевага 126,1 м.кв магазин алдындагы жерге деп 3-04-03-1003-0277 идентификациялык номери менен берилген
жер тилкесининмаксаттуу багыты автоунаа оңдоочу жайга деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Тийиштүү документтерди даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Н.Мадалиев |