Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 7-июну № 2
2022-2023-2024-жылдарга бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитиүү жөнүндө
Достук айылдык кеңешинин XXXIII чакырылышынын III сессиясы, айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Абдышовдун, Достук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-2023-2024-жылдарга угузган болжолдуу долбоорун угуп жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-2023-2024-жылдарга карата Достук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору жактырылсын.
2. Достук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга жергиликтүу киреше 13658,0 киреше булагы болжолдуу суммасы сомго жана 2023-жылга болжолдуу 13811,6 сомго, 2024-жылга 13811,6 сомго бекитилсин.
3. 2022-2023-2024-жылдарга карата жактырылган жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоору ар бир конкреттүү мезгилде аларды кабыл алууда талкуулануу менен кабыл алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы З.Д.Мамасадыковго жана каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Абдышовго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет, каржы,экономика маселелери боюнча” туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Н.Мадалиев |