Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 26-майы № 1
Б.Кайнаеванын арызын кароо жөнүндө
Шамалды-Сай айылы Т.Сыдыков көчөсүнүн тургуну Б.Кайнаеванын арызынын негизинде жана Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шамалды-Сай айылы Т.Сыдыков көчөсүнүн тургуну Б.Кайнаеванын маалыматы эске алынсын.
2. Шамалды-Сай айылынын тургуну Б.Кайнаевага 1125,9 м.кв турак жайга деп 3-04-03-1001-0120 идентификациялык номери менен берилген жер тилкесинин максаттуу багыты жеке менчик бала бакча ачууга деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Тийиштүү документтерди даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Н.Мадалиев |