Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 26-майы № 2
Турак жайга деп берилген жер тилкесинин максатуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылынын тургуну А.Сыдыковдун арызынын негизинде жана Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Б.Абдураимованын маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл-Туу айылынын тургуну А.Сыдыковго 2000 м.кв турак жайга деп 3-04-03-1004-0020 идентификациялык номери менен берилген жер тилкесинин 100 м.кв жеринин максаттуу багыты дүкөндүн алдындагы жерге деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Тийиштүү документтерди даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Н.Мадалиев |