Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 26-майы № 4
Достук айыл аймагынын 2021-жылга бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 25-мартында “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору менен түзүлгөн келишимдин негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын каражаттар эсебинин киреше чыгашасы 85 500,00 (сексен беш миң беш жүз) сомго өзгөртүлсүн.
2. “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору менен түзүлгөн келишимдин негизинде бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы ФЭБ башчы Н.Абдышовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышгын көзөмөлдөө Экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Н.Мадалиев |