Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-майы № 1
Эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын курамынын саны 3 депутаттан түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына депутат Жээнбаев Асылбек, Башихтинова Наргиза, Дехканов Азамат киргизилсин.
3. Достук айылдык кеңешинин төрагасынын жашыруун жабык добуш берүүнү Достук айылдык кеңешинин регламентине ылайык уюштуруу жана өткөрүү эсептөө комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин сессиясына төрагалык кылуучу |
С. Ташбаева |