Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-июну № 1
Жерлерди трансформациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө“ мыйзамынын жана айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Батыровдун маалымтынын негизинде жана Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жер адиси А Батыровдун маалыматы эске алынсын.
2. Социалдык обьектилерди куруу үчүн мелиоративдик даярдыктагы № 274, 275-контурунан 4,5 га жерди, таштандыларды таштоочу жай куруу үчүн жайыт жеринен 4,6 га жерди, “Жашал чарба” муниципалдык ишканасына “Гилас” бак эгүү үчүн № 655, 656, 657, 663, 664, 665, 666, 667, 746,7 47, 748-контурларындагы жайыт жерден 300 га жерди трансформациялоого уруксат берилсин.
3. Жогорудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана башка укуктук ченемдик актылардын талаптарынын негизинде бекитип берүү жагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы З.Д.Мамасадыковго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Н. Мадалиев |