Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-январы № 3
Килем – Ата жайыт комитетинин чабандардын жайыт акысын жана бюджетин бекитүү жөнүндө
КРнын ЖӨБ жөнүндөгү жана КРнын жайыттар жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXVIII сессиясы күн тартибинде маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Килем-Ата”жайыт комитетинин төрагасы К.Тагаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары бекилсин: бир сезонго жогорку жана жакынкы жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү:
а) жылкы бир баш үчүн – 130 сом,
б) ири мүйүздүү мал бир баш үчүн – 130 сом,
в) кой,эчки бир баш үчүн – 30 сом.
3. Жакынкы жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү
а) жылкы бир баш үчүн – 70 сом,
б) ири мүйүздүү мал бир баш үчүн – 70 сом,
в) кой,эчки бир баш үчүн – 15 сом.
4.Башка райондордон келген жогорку жайытты пайдалангандар үчүн
а) жылкы бир баш үчүн – 130 сом,
б) ири мүйүздүү мал бир баш үчүн – 130 сом,
в) кой,эчки бир баш үчүн – 30 сом.
5.Достук айыл аймагыбыздагы чабандарга,жайлоодо мал-койлорду бакканы үчүн элдердин төлөмдөрү
1 айына төмөнкүдөй бекитилсин:
а) кара мал,жылкы бир баш үчүн – 350 сом,
б) кой,эчки бир баш үчүн – 100 сом,
в) козу,улак бир баш үчүн – 100 сом.
6. Чабандарга жоготкон мал жандыктарын төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
7. Чабан менен мал ээсинин ортосунда келишим түзүлүп, жогорудагылар келишимде эске алынсын.
8. Токтомдун аткарылышы “Килем – Ата” жайыт комитетинин төрагасы К.Тагаевке жүктөлсүн.
9. Көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Э. Мансиркулов |