Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-январы № 4
Айыл өкмөтүнүн ички көчөлөрүндөгү карып, чирип, курт жеп койгон дарактарды кесүү жөнүндө
Достук айылдык кеңешинин XХVII чакырылышынын кезектеги XХXVIII сессиясы маселени күн тартибинде карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн Фрунзе, Адыр, Таш-Дөбө, Узбеков, Абдувахапов көчөлөрүндөгү карып, курт жеп, чирип калган 686 (алты жүз сексен алты) дарактарды кыйып ордуна арча көчөттөрүн отургузууга уруксат берилсин.
2. Макулдашууга Жалал Абад аймактык айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Э. Мансиркулов |