Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-январы № 7
Адыр көчөсүнө курулган ФАПты ачуу жөнүндө
Шамалды-Сай айылы Адыр көчөсүнө курулган ФАПты ачуу максатында Достук айылдык кеңешинин XХVII чакырылышынын кезектеги XХXVIII сессиясы маселени күн тартибинде карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шамалды-Сай айылы Адыр көчөсүнө курулган ФАПтын иштөөсүнө уруксат берилсин.
2. ФАПты керектүү каражаттар менен каржылоо, штаттык бирдигин чечип берүү жагы Кочкор-Ата медицина дарыгерлер борборунун жетекчиси Жумабаев Кубанычбек Аширалиевичке сунушталсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Э. Мансиркулов |