Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-январы № 10
Жайытка берилген акча каражатын кайтарып алуу жөнүндө
Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы күн тартибиндеги меселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2019-жылы жайытка АРИС тарабынан сатып алынган фронталдык жүктөгүчтүн өздүк салымына кайтарып берүү жолу менен берилген 895000 (сегиз жүз токсон беш миң) сом акча каражатынын 570000(беш жүз жетимиш миң) сому кайтарылып берилди. Калган 325000 (үч жүз жыйырма беш миң) сом каражатын айыл өкмөтүнүн ички көчөлөрүн тегиздөө, шагал төгүү кызматы менен кайтарууга уруксат берилсин. Техника саатына 3000(үч миң) сомдон жумуш аткарат.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Э. Мансиркулов |