Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылыштагы кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 23-сентябры № 1
Өрүктү айыл аймагынын 2021-жылдагы бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагында III кварталга карата 2021-жылдын башында пландалган кирешеден ашыкча түшкөн каражатты статьялар боюнча бөлүштүрүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айыл аймагында III кварталга карата 2021-жылдын башында пландалган кирешеден ашыкча түшкөн каражаты төмөнкү статьялар боюнча бөлүштүрүлсүн.
№ | Статьялар | Сумма (мин сом) | Бөлүмдөр |
1 | 3111 Здание сооружение | 300,0 | Аппарат |
2 | 2232 Электр энергия | 120,0 | Аппарат |
3 | 2224 Уголь | 100,0 | Аппарат |
4 | 2211 Командировочное | 50,0 | Аппарат |
5 | 2215 Прочие услуги | 121,6 | Аппарат |
| Жалпы | 691,6 |
|
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңештин төрайымы | К.С. Усенбаева |