Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылыштагы кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 23-сентябры № 2
Жалал-Абад областын өнүктүрүү фондуна сунушталуучу долбоор үчүн айыл аймактын бюджетинен өздүк салымды бөлүп берүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын жарандарынын кайрылууларын эске алып, Өрүктү айыл аймагына кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноочу техника (комбайн) сатып алуу долбоорун Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондуна сунуштоо үчүн өздүк салым ажыратып берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VI сессиясы токтом кылат:
1. Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фонду аркылуу айыл аймакка комбайн сатып алуу үчүн өздүк салым катары 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты каралсын.
2. 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты жайыт пайдалануучулар комитетинин атайын эсебинен каржылансын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңештин төрайымы | К.С. Усенбаева |