Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылыштагы кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 23-сентябры № 3
Айылдык кеңештин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Өрүктү айылдык аймагынын Кең-Кол айылына таза суу түтүгүн орнотуу долбоорун Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондуна сунуштоо үчүн айыл аймактын өздүк каражатын ажыратуу максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 2021-жыл 26-июнь кезексиз III сессиясынын № 9 токтомунун 2-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин. “Кең-Кол айылынын таза суу түтүгүн орнотуу долбоорунун документтери (АПШ, ИТШ, ДСД ж.б. документтерин) даярдоодо айыл аймактын бюджетинен 800 000 (сегиз жүз миң) сом акча каражаты өздүк салым катары каралсын”
2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңештин төрайымы | К.С. Усенбаева |