Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылыштагы кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 23-сентябры № 5
Аукцион өткөрүү үчүн баштапкы баасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер боюнча мыйзамдарына ылайык, Өрүктү айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин (КБФ) ижарага берүү үчүн беш жылдык мөөнөт менен аукцион өткөрүүдө баштапкы баасын бекитип берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы токтом кылат:
1. Кайра бөлүштүрүү фондунун суулуу жерин ижарага беш жылдык мөөнөткө берүү үчүн аукцион өткөрүүдө баштапкы баасы 1 (бир) жылга 1,0 га үчүн 7 000 (жети миң) сом болуп бекитилсин жана ар бир арыз берүүчүгө 0,50 га дан кем эмес жер берилсин.
2. Аукцион өткөрүүдө жана жерди ижарага берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу айыл аймак башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңештин төрайымы | К.С. Усенбаева |