Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылыштагы кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 23-сентябры № 6
“Фулл Голд Майнинг” ЖЧКсы убактылуу лицензиялык мөөнөткө ээлик кылган 137,3 га жер аянтын Өрүктү айыл аймагынын балансына өткөрүп алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15.12.2017-жылдагы № 810 токтомуна ылайык, мурда Ала-Бука токой чарбасына караган ”Фулл Голд Майнинг” ЖЧКсы убактылуу лицензиялык мөөнөткө ээлик кылган 137,3 га жер аянтын Өрүктү айылдык аймагы менен чектеш болгондуктан, Өрүктү айыл аймагынын балансына өткөрүп алуу максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы токтом кылат:
1. “Фулл Голд Майнинг” ЖЧКсы убактылуу лицензиялык мөөнөткө ээлик кылган 137,3 га жер аянты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15.12.2017-жылдагы № 810 токтомуна ылайык жана аталган жер аянты Өрүктү айылдык аймагы менен чектеш болгондуктан, Өрүктү айылдык аймагынын балансына өткөрүп алуу боюнча Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынан-акимден суралсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу айыл аймак башчысына милдеттендирилсин..
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына. жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрайымы | К.С. Усенбаева |