Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезектеги ХI-сессиясы
2022-жылдын 12-январы № 11/1
Көк-Жаңгак шаарындагы мекеме-ишканалардын 2021-жылы аткарган иштери боюнча маалыматтарын угуу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардагы мекеме - ишканалардын 2021-жылы аткарган иштери боюнча жетекчилердин маалыматтарын угуп, талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы) кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы «Шар-Булак» өзүн-өзү камсыз кылуу ишканасынын 2021-жылы аткарган иштери боюнча жетекчиси К.Киезбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Көк-Жаңгак шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн 2021-жылы даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрду иликтеп билүү жана ар ай сайын берилүүчү жөлөк пулга үй-бүлөнүн муктаждык даражасын баштапкы аныктоо жөнүндө жасаган иштери боюнча адиси А.Асанованын маалыматы эске алынсын.
3. Көк-Жаңгак участкасынын электр тармактары ишканасынын 2021-жылы аткарган иштери боюнча жетекчиси А.Курбанкуловдун маалыматы эске алынсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
З. Байдавлетов |