Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезектеги ХI-сессиясы
2022-жылдын 12-январы № 11/4
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 29.12.2021-ж. №10/2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарындагы М.Матназаров ажы атындагы көчөсүнө асфальт төшөө иштери Сузак райондук өнүктүрүү фонду аркылуу карала турган долбоордун өздүк салымын 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана жергиликтүү калктын жардамынын өлчөмү 700 000 (жети жүз миң) сом түзөт, шаардык кеңештин депутаттары маселени карап чыгып, (VIII чакырылыштагы) кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы сунуштаган Көк-Жаңгак шаарынын М.Матназаров ажы атындагы көчөсүнө долбоордун негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттен 300 000 (Үч жүз миң) сом жана демөөрчүлөрдүн эсебинен 400 000 (жети жүз миң) сом каралсын.
2. Долбоорду жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
З. Байдавлетов |