Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезектеги ХII-сессиясы
2022-жылдын 28-январы № 12/2
Көк-Жаңгак шаарынын коммуналдык менчик департаментинин 21.01.2022-жылдагы № 4 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментинин кайрылуу катынын негизинде муниципалдык менчик реестринде турган Октябрдын 40-жылдыгындагы бульварынын №6 үйүнүн эски балдар консультациялык тейлөө имаратынын бир батирин шаардык милиция бөлүмүнө оперативдик колдонууга жана бир батирин МКК «МБулакка» берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VIII-чакырылыштагы) кезектеги ХII-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментинин муниципалдык менчик реестринде турган Октябрдын 40-жылдыгындагы бульварынын №6 үйүнүн эски балдар консультациялык тейлөө имаратынын эки батирин муниципалдык менчигинин реестрине өзгөртүү киргизип шаардык милиция бөлүмүнө оперативдик колдонууга жана МКК «МБулакка» келишимдин негизинде берилсин.
2. Тиешелуу иш кагаздарын тактап коммуналдык менчик департаментинин балансынын муниципалдык реестрине киргизүү жагы КМДнин жетекчисине жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэрине жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
З. Байдавлетов |