Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезектеги ХII-сессиясы
2022-жылдын 28-январы № 12/3
Көк-Жаңгак шаарынын коммуналдык менчик департаментинин 27.01.2022-жылдагы №5 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментинин кайрылуу катынын негизинде муниципалдык менчигинин реестрине өзгөртүү, толуктоо киргизип бекитип берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VIII-чакырылыштагы) кезектеги ХII-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментинин муниципалдык менчигинин реестрине өзгөртүү, толуктоо киргизилип бекитилип берилсин.
2. Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментинин муниципалдык менчигинин реестрине киргизүү жагы КМДнин жетекчисине жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
З. Байдавлетов |