Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 25-январы № 2
Арстанбап айл өкмтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин жана 2020-2021-жылдарга карата болжолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин жетекчиликке алып, Арстанбап айыл аймагынын социалдык-эканомикалык өнүктүрүү прогрпммасын өнүктүрүү максатында, айылдык Кеңештин каржы эканомика боюнча туруктуу комиссиясын сунушун жана айыл Өкмөтүнүн КЭБ башчысы К.Тиркашевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айыл Өкмөтүнүн 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 16048,7 миң сомго, анын ичинде 200,0миң сому атайын каражаттан 1-2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Айыл Өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүн болжолу кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол 2020-жылга 15150,5 миң сом, 2021-жылга 15230,7 миң сомго 3-43тиркемелерге ылайык жактырылсын.
3. 2019-жылга республикалык бюджетинин жергиликтүү бюджеттер үчүн теңдөөчү трансферттердин олчөмү чыгашалар 8574,1 миң сомго5-тиркемеге ылайык бекитилип, биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер – эмгек акысы, соц фонд, тамак-аш жана комуналдык кызмат көрсотүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого жумшалсын.
4. Жаранды коргонуу комиссиясынын чечими менен сарыпталуучу, табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын алдыны алуу жана жоюу боюнча маселелерди ыкчам чечүү максатында 400,0 миң сом акча каражаты каралсын.
5. Айыл өкмотүнүн 2019-жылдагы бюджетинин 1 пайызы өлчөмүндө 158,8 миң сом резервдик фондко ажыратылып, пайдалануу багыттары жөнүндө чечим айыл өкмотү тарабынан Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин жоболоруна ылайык сарыпталышы белгиленсин.
6. Учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар кийинки жыл бюджетинде каралсын.
7. 2019-жылда аппарат кызматкерлеринин бирдик саны 18 киши менен бекитилсин (КР нын Өкмотүнүн 08.07.2013-жылдагы 403-санду токтомуна ылайык)
8. Айыл аймагындагы айылдарга беш айыл башчы оруну жана аскерге милдеттүүлөрдүн саны төрт миңден ашык болгндугуна байланыштуу беш аскердик каттоо столу инспектору оруну бекитилсин.
9. 2019-жылга бекитилген бюджеттин чыгашалар тиркемесинин суммасынын чегинде өзгөртүүлөр жүргүзүү үчүн айылдык Кеңещке сунуш берүү жагы айыл Өкмөтүнүн КЭБ башчысы К.Тиркашевке жүктөтүлсүн.
10. 2019-жыл 1-январга жугүртүлүдөгү накталай акча калдыгы 30,0 миң сом дон кем эмес өлчөмүндө бекитилсин.
11. КР нын Бюджеттик Кодексинин 8-бөлүмүнө ылайык, жыл ичинде пландан ашыкча жыйналган кирешелер жергиликтүү Кеңештердин ченемдик укуктук актыларына ылайык кезектеги бюджеттик жылда жегриликтүү бюджеттин чыгашаларын жүзогө ашырууга пайдалануусу каралсын
12. Ушул токтом менен бекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөртүү зарылчылыгы болсо,ага тиешелүү оңдоолорду киргизүү кабыл алынгыча айыл өкмөтүн кеңештин бюджет жана финанс боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу боюнча бюджеттик параметрлерди өзгөртүүнү жүргүзсүн
13. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы У.Таштанбековко жана КЭБ башчысы К.Тиркашовке милдеттендирилсин.
14. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин каржы жана эканомика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж. Абдухалилов |