Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 25-январы № 3
Арстанбап айыл Өкмөтүнүн 2018-жылда пайдаланбай калган акча каражатынын 2019- жылда пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин жетекчиликке алып, айылдык Кеңештин каржы экономика боюнча туруктуу комиссиясын сунушун жана айыл Өкмөтүнүн КЭБ башчысы К.Тиркашевтин билдирүүн угуп жана талкулап Арстанбап айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинде пайдаланылбай калган акча каражаттарын төмөндөгү багыттар, 701-бөлүмдүн 3111-бөлүмчөсүнө 3000,0 жана 709-21 бөлүм 2231- бөлүмчөсүнө 373,5 миң сом, жалпы суммасы 3373,5 сомго тактама билдирүү даярдап, 2019-жылдын бюджетине киргизүү КЭБ башчысы К.Тиркашевке милдеттендирилсин.
2. 2018-жылда атайын эсептеп пайдаланылбай калган 196,2 миң сом акча каражаттарына 70911-бөлүмдүн, 2221-бөлүмчөсүнө 196,2 миң сомго тактама билдирүү даярдап 2019 жылдын бюджетине киргизүү КЭБ башчысы К.Тиркашевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы У.Таштанбековко жана КЭБ башчысы К.Тиркашевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө айылдык Кеңештин каржы жана экономика боюнча турукту комиссиясына милдеттендирилсин
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж. Абдухалилов |