Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 25-январы № 4
Ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө
Арстанбап айыл аймагынын тургундарынан келип түшкөн сунуштарды угуп жана талкуулап төмөндөгүү атуулдарга Арстанбап айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамы ыйгаруу жөнүндө Арстанбап айылдык Кеңешинин VII чакырылыш кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Арстанбап айыл аймагынын тургундарынан келип түшкөн сунуштарды угуп Жай-Тереке айылындагы №29 А.Монокбаев атындагы мектепте жаш муундарга билим берүүдө өзүнүн чөн салымын кошуп иштеген Капарова Батмага, ветеринардык жумушту аркалап элге үзүрлүү эмгек кылып чоң салымын кошкон Шакир Осоровко, Арстанбап айыл аймагынын инфраструктурасын өнүгүшүнө чоң салым кошкондугу жана жакыр үй бүлөөлөргө көрсөткөн чоң жардамдарын, спорттун өнүгүшүнө кошкон чоң салымын эске алып, Алтынбеков Айбек Алтынбековичке, Базар-Коргон районунун сот тармагында эмгектенип, жаштар арасында Кырыгыз Республикасынын мыйзамы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, адилеттүү- чечимдери менен карапайм элдин ыраазычылыгын алган Базар-Коргон райондук сотунун судиясы Эргешев Сулайман Кадырбековичке Арстанбап айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамы ыйгарылсын.
2. Ардактуу атуул төш белгиси жана күбөлүгүн даярдоо Арстанбап айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Таштанбековко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөну өзүмө калтырамын.
4. Токтом Арстанбап айыл Өкмөтүнүн www.Arstanbap.kg расмий сайытында жариялансын.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж. Абдухалилов |