Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 25-январы № 5
Арстанбап айыл аймагында таштанды таштоочу атайын жер ажыратуу жөнүндө
Арстанбап айыл аймагында таштанды таштоочу атайын жер жоктугун эске алып, айыл аймагында туристик сезонда санитардык абалды жакшыртуу жана таштандыларды жок кылуу үчүн таштанды таштай турган жер ажратуу максатында Арстанбап айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап-Ата чарбасы тарабынан Кызыл-Алма участкасынын 0,67 га, Кош-Терек участкасынан 0,30 га, Алчалу-Колоттон 0,30 га, Каррак участкасынан 0,30 га, Бел-Терек айылы үчүн Гумкана токой бөлүмүндөгү Көгөй участкасынан 0,30 га жер көрсөтүп берилсин.
2. Арстанбап-Ата токой чарбасы тарабынан көрсөтүлгөн жерлерди тиешелүү мекеме уюмдарга керектүү документтерди жеткирип трансформациялоо Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы У.Таштанбековко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жер айыл чарбасы жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж. Абдухалилов |