Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 25-январы № 8
«Мекемени каттоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде, Арстанбап айылдык Кенешинин Регламентин талкуулоонун негизинде Арстанбап айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Арстанбап айыл аймагынын Айылдык Кеңеши” мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн (мындан ары мекеме).
Мекеменин толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Арстанбап айыл аймагынын Айылдык Кеңеши” мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение “Айылный Кенеш”Арстанбапского айылного аймака.
2. Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Арстанбап айылы, Рахим Плаван көчөсү үй № 1.
3. Арстанбап айылдык Кеңешинин Регламенти бекитилсин.
4. Токтомду аткаруу жагы Арстанбап айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Арстанбап айыл аймагынын расмий www.Arstanbap.kg сйтына жарыялансын.
6. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгын жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты түзүү мекемелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылсын.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж. Абдухалилов |