Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XII СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 24-майы № 1
Арстанбап айыл аймагынын борборундагы соодагерлерди жана таксистерди иретке келтирүү жөнүндө
Арстанбап айыл аймагынын Арстанбап айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Т.Таштанбековду сунушун угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңеши токтом кылат.
ТОКТОМ
1. Арстанбап айыл аймагынын борборундагы соодагерлер элге жана борбордон өтүчү жолго тоскоол болбой турган жерлерге жайгаштырылсын.
2. Таксистер, атайын көрсөтүлгөн жерге автоунааларын тартиптүү коюшсун.
3. Базар –Коргон, Арстанбап каттамындагы маршруттардын автоунаалары экиден кезек менен турсун жана экиден ашык турбасын.
4. Токтомдун аткарылышы Арстанбап айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдуу аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап айылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөтүлсүн.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж. Абдухалилов |