Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XII СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 24-майы № 3
Арстанбап айыл аймагындагы №34 Ю.Исламов мектебинин жер аянтына Көк-Жаңгак шаарындагы №71 кесиптик лицейдин филиалынын курулушун курууга уруксат берүү жөнүндө
Арстанбап айылынын тургундарынан келип түшкөн арызды угуп жана талкуулап Арстанбап айыл аймагындагы жаштардын кесиптик билим алуусуна шарт түзүү максатында, Арстанбап айылындагы №34 Ю.Исламов орто мектебинин директору М.Султановдун сунушун эске алып Арстанбап айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айылындагы №34 орто мектебинин жер аянтына, узундугу 24,85 туурасы 9,5 метр курулуш курууга уруксат берилсин.
2. Көрсөтүлгөн жер аянтына имарат куруу үчүн керектүү документтерди даярдоо Арстанбап айыл аймагынын башчысы У.Таштанбековко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап айылдык Кеңешинин жер, айыл чарбасы жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж. Абдухалилов |