Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XII СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 24-майы № 4
Базар-Коргон райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана каттоо башкармалыгы тарабынан 2002-жылы жүргүзүлгөн системалык каттоо боюнча № 90, 92, 93, 99, 101 буйруктардын 1 пунктунда белгиленген 0,15 га чейин мыйзамдаштырылсын деген чектөөнү алып салуу жөнүндө
Базар-Коргон райондук жерге жайгаштыруу жана каттоо башкармалыгынын сунушун эске алып Арстанбап айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айыл аймагы боюнча чыгарылган Арстанбап айылы боюнча 25.07.2002-жылдагы № 90 буйруктун биринчи пункуту, Гумкана айылы боюнча 29.07.2002-жылдагы № 92 буйруктун биринчи пункуту, Жарадар айылы боюнча 29.07.2002- жылдагы № 93 буйруктун биринчи пункуту, Бел-Терек айылы боюнча чыгарылган 30.07.2002-жылдагы № 99 буйруктун биринчи пункуту, Жай-Терек айылы боюнча чыгарылган 05.08.2002-жылдагы № 101 буйруктун биринчи пункутундагы көрсөтүлгөн 0,15 га чейин мыйзамдаштырылсын деген чектөө жокко чыгарылсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун аткарылышын Арстанбап айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Таштанбековко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж. Абдухалилов |