Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XII СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 24-майы № 5
Арстанбап айылынын А.Абдукаримов И.Комилов жана Водапад көчөлөрүн асфальт төшөө жөнүндө
Арстанбап айыл аймагындагы Арстанбап айылынын тургундарын жана Арстанбап айыл кеңешинин депутаттарын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңешинин XII чакырылышын кезектеги VII сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айыл аймагына караштуу Арстанбап айылындагы Абдукаримов Абдуганы көчөсүн 600 метр, Илхом Комилов көчөсүн 880 метр жана Водапад көчөсүн 650 метр аралыкка айыл жашоочулардын асфальт жол менен камсыз кылуу үчүн асфальт төшөлсүн.
2. Арстанбап айыл аймагына караштуу Арстанбап айылындагы Абдукаримов Абдуганы көчөсүн 600 метр, Илхом Комилов көчөсүн 880 метр жана Водапад көчөсүн 650 метр аралыктарды асфальттоо боюнча долборун даярдоо, Арстанбап айыл Өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
3. Арстанбап айылындагы Абдукаримов Абдуганы, Илхом Комилов жана Водапад көчолөрүн асфальттоо проектисин иш жүзүнө ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын козөмөлдөө Арстанбап айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Таштанбековко милдеттендирилсин.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж. Абдухалилов |