Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 28-октябры № 2
Арстанбап айыл өкмөтүнө айрым мамалекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө“ Мыйзамынын 20 – беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамынын 3 – беренесине ылайык. Мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Арстанбап айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнундө келишими бекитилсин жана келишим 2020 - жылдын 01- январынан тартып күчунө кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамалекеттик ыйгарым укуктарды Арстанбап айыл өкмөтүнүн аймагында аткаруу милдети, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Досибаева Аязимхан Низамовна бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы У.Таштанбековко милдеттендирилсин.
4. Токтом Арстанбап айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж. Абдухалилов |