Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XIV СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 11-декабры № 1
Бел-Терек айылынын борборунан чыгышты көздөй кеткен жолдун Оморалиев Мухтарбектин үйүнө чейинки аралыгына Кулмашов Турсуналинин наамын ыйгаруу жөнүндө
Арстанбап айыл аймагынын Бел-Терек айылынын тургундарынан келип түшкөн арызды угуп жана талкуулап, Бел-Терек айылында жашаган Арстанбап айылдык Кеңешинин депутаты Т.Мавлянкуловтун сунушун эске алып, Арстанбап айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел-Терек айылынын борборунан чыгышты көздөй кеткен жолдун айылдын борборунан Оморалиев Мухтарбектин үйүнө чейинки аралыгына Кулмашов Турсуналинин наамы ыйгарылсын.
2. Ушул аралыктагы үйлөр номеризацияланып Кулмашов Турсунали атындагы көчө деп жазылсын.
3. Токтомдун аткарылышын айыл аймагыны Арстанбап айыл өкөтүнүн башчысы У.Т. Таштанбековко милдеттендирилсин.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж. Абдухалилов |