Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XIV СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 11-декабры № 2
Арстанбап айыл аймагы Арстанбап айылынын Жуфт-Терек көчөсүнө элдин сунушу менен Абдукадиров Абдували наамын ыйгаруу жөнүндө
Арстанбап айылдык аймагы Арстанбап айылынын Жуфт-Терек көчөсүнүн тургундарынан келип түшкөн арызды угуп жана талкуулап ушул участкадагы депутаттардын сунушун эске алып, Арстанбап айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айылынын Жуфт-Терек мааласиндеги Аскаров Саттаралинин үйүнөн баштап Абдурасулова Турсунайдын үйүнө чейинки аралыктагы жолго жана сайдын жееги менен Момуналиев Аббастын үйү тарапка карап кеткен жолго Абдукадиров Абдували наамы ыйгарылсын.
2. Ушул аралыктагы үйлөр номеризацияланып Абдукадиров Абдували көчөсү деп жазылсын.
3. Токтомдун аткарылышын Арстанбап айыл аймагынын Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы У.Т.Таштанбековко милдеттендирилсин.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж. Абдухалилов |